Өлкөнүн 5 жогорку окуу жайына өзгөчө макам берүү пландалууда. Алар кайсылар?





Бүгүн, 9-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин кезектеги отурумун өткөрдү.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында жогорку окуу жайларды жана Улуттук Илимдер академиясын реформалоо маселелери талкууланды.
Өлкөнүн 5 жогорку окуу жайына, атап айтканда:
- Кыргыз Улуттук Университети;
- Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети;
- Кыргыз Агрардык Академиясы;
- Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы жана Ош Мамлекеттик Университетине өзгөчө макам берүү маселеси каралды.
Ошондой эле Улуттук Илимдер Академиясынын илимий-изилдөө институттарын реформалоо жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, илимди каржылоону мыйзам тарабынан талап кылынган ички дүң өнүмдү 1 пайызга жеткирүү маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында кеңештин мүчөлөрү жогорку билим берүүнү жана илимди реформалоо пландарынын концепцияларын жактырышканы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.