super.kg logo

Шри-Ланкада резиденцияны басып алгандар президенттин ич кийимин видеого тартышты

 

Шри-Ланканын президенти Готабаи Ражапкасынын резиденциясын басып алган массалык нааразычылык акциясынын катышуучулары имараттын ичин тинтүүгө киришти.

Жергиликтүү телеканал көрсөткөн кадрлардан көрүнүп тургандай, ондогон демонстранттар бөлмөлөрдү жана шкафтардын ичиндегилерди, анын ичинде мамлекет башчынын жеке буюмдарынан бери тинтүүгө алышкан.

Ошондой эле митингчилер президенттик бассейнге түшүп, ашканага барып тамак жасап ичишкен.

Акыркы маалыматтарга караганда, президент Ражапакса чабуул башталганга чейин резиденциядан эвакуацияланып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган. Саясатчы чет өлкөгө учак же аскердик кеме менен чыгууга аракет кылган. Учурда анын жүргөн жери тууралуу так маалымат жок.

Шри-Ланка 1948-жылы Улуу Британиядан эгемендүүлүк алгандан берки эң олуттуу кризисти баштан кечирүүдө. Тактап айтканда, Шри-Ланкада күйүүчү май дээрлик жок, импорттук азык-түлүк жана дары-дармек жетишсиз.






Шри-Ланкада президенттин ич кийимин видеого тартышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: