Уимблдон турнирин уткан казакстандык Елена Рыбакина ата-энеси тууралуу суроого жооп берип жатып көзүнө жаш алды
Казакстандын атынан мелдештерге катышкан теннисчи Елена Рыбакина "Уимблдон чемпиону болгонуңузга ата-энеңиз кандай карайт?" деген суроого көзүнө жаш алды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
"Алар менимче абдан сыймыктанышат (көзүнө жаш алып). Эмоциямды көргүңүздөр келди. Мен өтө көп кармандым", - деген Рыбакина.
23 жаштагы теннисчи Елена Рыбакина Уимблдон турнирин уткан алгачкы казакстандык болду. Ал финалда тунистик Онс Жаберди жеңип алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.