super.kg logo

Бишкекте жол кырсыгынан айдоочу каза болуп, 3 адам жаракат алды

 

Бишкекте 3-декбарда Гагарин көчөсү менен батыш тарапка бара жаткан Мазда Демио унаасы Ак-Ордо жаңы конушунда жолдон чыгып, көңтөрүлүп кеткен. Бул кырсыкка анын айдоочусу, 29 жаштагы И.Эмилбектин рулду башкара албай калгандыгы себеп болгон. 

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жол кырсыгынан улам унаанын  айдоочусу кырсык болгон жерде каза болгон. Жүргүнчүлөр 18 жаштагы И.Айжан, 14 жаштагы И.Нуржан жана 23 жаштагы А.Тилек түрдүү жаракаттар менен шаардык ооруканага жеткирилген. 

Унаа айып төлөөчү жайга жеткирилип, кырсык боюнча материалдар Бишкек ШИИББинин иликтөөчү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: