Дзюдочу Асад Масабиров эл аралык мелдеште жакшы жыйынтык көрсөтө алды




Кыргыз дзюдочусу Асад Масабиров Будапештте өткөн дзюдо боюнча Чоң шлем турниринде жетинчи орунду ээледи. Бул тууралуу дзюдо боюнча эл аралык федерациянын сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Асад Масабиров 81 килограмм салмакка чейинкилер арасында күч сынашты. Бул салмак ченинде жалпы 46 спортчу беттешкен.
Турнирге жалпысынан 61 өлкөдөн 400дөн ашык дзюдочу, анын ичинде Кыргызстандын спортчусу Асад Масабиров катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.