Таиланд. Полиция менен демонстранттардын кагылышуусунан улам 100гө чукул адам жабыркады

Таиланддын Бангкок
шаарында болуп жаткан тирешүүдөн улам 100гө жакын адамдар жабыркаганы
маалымдалууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 3-декабрда
кабарлоодо.
Автор: Темирбек Матаев
Маалыматка
караганда, Таиланддын оппозициясы эки күндөн бери өкмөт үйүн басып алууга аракет
жасашууда. Аларга каршылык көрсөткөн жергиликтүү полиция митингчилерди желим октор менен аткылап, алардын өкмөт үйүнө кирүүсүнө жол бербей жатат.
Демонстранттар артка кетенчиктеп, кайра эле чабуулга өтүшүүдө. Айрымдарын "Тез
жардам" кызматкерлери ооруканага алып кетишүүдө. Бирок, мындай кан төгүүлөргө
карабастан оппозиция лидери Сутеп Таугсубан бүгүн, 3-декабрда кайрадан жаңы
чабуулга киришээрин кабарлады. Ал айрым чет элдик маалымат каражаттарына “Биз
бүгүн полициянын башкармалыгын басып алабыз. Бүгүн бул ишти аткарышыбыз керек”,- деп билдирди.
Учурда нараазычылык
акциясына чыккандардын саны саат сайын өсүп жатканы кабарланууда. Ал эми бийлик
өкүлдөрү манифестанттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй жатышат. Алар оппозиция
лидери Сутеп Таугсубанды кармоого уруксат берип, кырдаалды көзөмөлгө алуу
аракетин жасашууда.
Айрым маалыматтарга караганда, жарадар болгондордун арасында
чыныгы октон жапа чеккендер да бар. Жергиликтүү телеканалдардын журналисттери
атышуу учурунда бул окторду полиция кызматкерлери эмес, белгисиз адамдар
чыгарып жатканын маалымдашууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.