super.kg logo

"РСК Банк" Баткен облусуна жеңилдетилген насыяларды берүүдө

 

"РСК Банк" ААКсы Баткен облусун өнүктүрүү жана калкка мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында 2022-жылынын 5-июлунан баштап "Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо" долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыяларды берип баштады.

Долбоордун алкагында 2022-жылдын ичинде Банк айыл чарбаны өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, өнөр жай, туризм, транспорт, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар, соода-логистикалык борборлор жана жашылча кампалары, инновациялык иш (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү), коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү, соода, кызмат көрсөтүү, билим берүү, маалыматтык технологиялардын чөйрөлөрү үчүн жеңилдетилген пайыздык ставка боюнча Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган жеке адамдарга, чакан жана орто бизнестин субъекттерин каржылайт.

Максаттуу тармак

Айыл чарба, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, өнөр жай, транспорт, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар, инновациялык иш-аракет, туризм, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөсү, билим берүү, маалыматтык технологиялар, коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү.

Кредиттин суммасы

Максаттуу тармактарга жараша 10 000 000 сомго чейин.

Акыркы пайыздык ставка жана кредиттин мөөнөтү

Мөөнөтү 36 айга чейинки кредиттер үчүн - крадиттер боюнча пайыздык чен жылдык 0% түзөт.

Мөөнөтү 60 айга чейинки кредиттер үчүн - алгачкы 36 ай үчүн пайыздык чен - жылдык 0%, акыркы 24 ай үчүн жылдык 3% менен.

Күрөөсүз кредиттер

300 000 сомго чейин, 36 айга, негизги сумманы төлөөдө жеңилдетилген мөөнөт берилбестен.

Жеңилдетилген мезгил

Карыздын негизги суммасы боюнча 12 айга чейин төлөмдөрдү төлөөдөн толук бошотуу.

Бардык суроолор боюнча (0571) 05 05 81, (0770) 60 23 30, (0771) 23 24 86 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: