super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Бишкектин тургуну таштандылар өз убагында жыйналбаганына даттанды

 

Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылды.

Окурман Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасынын жанындагы үйлөрдүн алдында таштанды чар-жайыт ташталып, убагында жыйналбай жатканын айтып, тийиштүү кызматтардан чара көрүп берүүнү өтүндү.

"Таштанды таштоочу челектерге таштанды чар-жайыт ташталып жатат. Кечке маал таштанды көбөйүп, жагымсыз жыт чыгат. Анысы аз келгенсип убагында таштанды чыгарылбайт. Мэрия, "Тазалык" ишканасы, акимчилик чара көрүп берсеңиздер", - деп нааразы болду тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: