Таласта Келдибековдун тарапташтары митинг өткөрүүнү пландашууда
Талас облусунун
Манас районунда 12-декабрда депутат Ахматбековду колдогондор митинг өткөрүүнү
пландашууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Ата Журт” фракциясынын басма сөз
кызматынын өкүлү Нургазы Анаркулов билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Митингдин максаты саруулуктарды,
камалган Ахматбек Келдибековду колдоо, "Кумтөр" жана "Жер-Үй" маселелерин талкуулоо
болуп эсептелет. Митингге “Ата Журт” партиясынын жергиликтүү өкүлдөрү катышат.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелерине" ылайык 20-ноябрда кармалган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 ай камоо чечимин чыгарган. Адвокаттардын депутатты үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчү Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн эле.
Кечээ, 2-декабрда Бишкек шаардык соту депутат Ахматбек Келдибековдун ишин карап чыгып, Октябрь райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Сот чечимине ылайык Ахматбек Келдибеков 2014-жылдын 19-январына чейин УКМКнын тергөө абагында отурат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

