Англияда премьер-министр качан шайланары белгилүү болду. Ал кантип шайланат?
Англияда жаңы премьер-министрди шайлоо жараяны 5-сентябрда аяктаары белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Борис Жонсон консервативдик партиянын лидерлигинен кеткенден кийин 11 саясатчы өз талапкерлигин көрсөттү. Алардын катарында тышкы иштер министри Лиз Трасс жана мурдагы каржы министри Риши Сунак бар. Талапкерлердин тизмесинин акыркы жыйынтыгы 5-сентябрда бекитилмекчи. Талапкер өзүнүн аты-жөнүн шайлоо бюллетенине киргизүү үчүн кеминде 20 депутаттын колдоосуна ээ болушу керек.
Премьер-министрликке шайлоо бир нече этап менен өткөрүлөт. Депутаттар алгачкы турда бардык талапкерлерге добуш беришет жана 5 пайыздык чектен өтпөгөн талапкерлер жарыштан четтетилет. Башкача айтканда, экинчи турга өтүш үчүн эң аз 18 депутаттын добушун алуусу керек.
Ал эми экинчи турда талапкерлер кеминде 10 пайыз же 36 депутаттын добушун алышы абзел. Кийинки турларда эң аз добуш алган талапкер шайлоодон четтетилет.
Талапкерлердин саны экиге азайгандан кийин өлкө боюнча Консервативдик партиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болгон адам партиянын лидери болуп шайланат.

