Өлкөгө кайрадан карантин киргизилеби? Министрдин жообу
Өлкөдө COVID-19 илдети күч алса бир катар чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков менен байланышканыбызда белгилүү болду.
Анын айтымында, учурда абал туруктуу, бирок илдетти жугузгандар көбөйүп кеткен учурда чектөөлөр кириши ыктымал. Ошондой эле ал өлкө COVID-19дун кезектеги толкуну менен күрөшүүгө даяр экенин айтты.
Белгилей кетсек, буга чейин республикалык штабдан Кыргызстанда коронавируска каршы эч кандай чектөө чаралары пландалбаганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.