super.kg logo

Казакстандагы баш аламандык: Викрам Рузахуновдун ден соолугуна оор залал келтирилгени аныкталды

 

Кыргыз музыканты Викрам Рузахунов кыйноого кабылган окуяда анын ден соолугуна оор залал келтирилгени аныкталды. Бул туурасында Рузахунов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Музыканттын айтымында, Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясы анын ишин тергеп бүтүп, чогулган материалдарды Казакстанга өткөрүп берүүнүн алдында турат.

"Бүгүн Ленин РИИБи менин ишим боюнча тергөөнү аяктап, бизди материалдар менен тааныштырды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча менин ден соолугума оор залал келтирилгени аныкталган. Топтолгон материалдар Башкы прокуратура аркылуу күнөөлүүлөрдү аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Казакстандын компетенттүү органдарына жиберилет", - деп жазды ал.

Эске салсак, январь айында Казакстанда орун алган баш аламандыктар учурунда коңшу өлкөнүн телеканалдардын биринде тополоңго катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришкен. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.

10-январда музыкант өлкөгө алып келинген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: