Өзбекстанда 38 жаштагы жаран 14 жаштагы кызынын курбусун зордуктап жүргөнү аныкталды
Ташкент облусунда 14 жаштагы кызды курбусунун 38 жаштагы атасы 8 ай бою зордуктап келген. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарап, кийин Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул боюнча комментарий берген.
Маалыматка ылайык, 14 жаштагы кыз анын курбусунун атасы бычак менен коркутуп зордуктап жүргөнүн, эгер бул жөнүндө кимдир бирөөгө айтса өлтүрүп кетерин айтып коркутканын билдирген.
Учурда бул боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү жаран бул кылмыш ишинин алкагында 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
20:44
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.