Бишкектеги №1 төрөт үйү бир айга жабылат
Бишкектеги №1 төрөт үйү оңдоо иштерине байланыштуу бир айга жабылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарылоо башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.
Анын айтымында, министрликтин буйругу менен төрөт үйү 18-июлдан баштап 15-августка чейин оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул аралыкта кышка даярдык катары төрөт үйүнүн имаратынын чатырын жана төрөт бөлүмүн оңдоо иштери жүргүзүлөт.
"Ал эми кош бойлуулар оңдоо иштери бүткөнчө Бишкектеги төрт төрөт үйлөрүнө жөнөтүлөт. Ал үчүн атайын нөөмөт графиги түзүлгөн", - деп билдирди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.