super.kg logo

Акылбек Жапаров Синдзо Абэге көңүл айтуу китебине кол тамгасын калтырды (фото)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Япониянын Кыргызстандагы элчилигине барып, өлкөнүн экс премьер-министри Синдзо Абэнин трагедиялуу каза болгондугуна байланыштуу ачылган көңүл айтуу китепчесине кол тамгасын калтырды. Бул туурасында министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Чечкиндүү инсан, таланттуу саясатчы дүйнөдөн кайтты. Бул бүткүл дүйнөлүк коом үчүн чоң жоготуу. Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоодо көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары маанилүү роль ойногон Абэ мырзанын жаркын элеси сакталат. Аны жоготуу аны билгендердин баары үчүн орду толгус. Кыргызстандын эли япон эли менен кошо аза күтөт”, - деп жазды Акылбек Жапаров.

Япониянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу жана атайын элчиси Маэда Сигеки министрлер кабинетинин башчысына көңүл айтып келгени үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы кызматташтык байланышты чыңдоого аракет жасаган экс премьер-министр Синдзо Абэнин иштери уланарын баса белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: