"Номери башка унааныкы". Баткенде чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Хюндай Портердин айдоочусу кармалды
Лейлек районунун Достук айылынын аймагынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен мамлекеттик номери S1112M болгон Хюндай Портер үлгүсүндөгү унаа аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө бул унаадагы номер жалган экени жана ал номер ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаага катталганы аныкталган.
Ал эми Хюндай-Портер үлгүсүндөгү унаа Тажикстандын аймагында катталып, Лейлек районунун Достук айылынын аймагына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы менен Тажикстан Республикасынын чек арасынын аярлуу тилкелери аркылуу өтүп келген.
Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.