super.kg logo

Токмокто кан-тамырын кесип, өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды

 
Токмокто 40 жаштагы жаран кан-тамырын кесип, өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токмокто 1982-жылы туулган С.А. аттуу жаран колунун кан-тамырын кесип, жаңы курулуп жаткан имараттын 9 кабатынан секирип, жанын кыюуга аракет кылып жаткан жеринен куткарылды.
Окуя саат 20:32 чамасында Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө орун алган. Жерине ӨКМдин Токмок шаардык №21 Өрткө каршы куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды 9-кабаттан түшүрүшүп, биринчи медициналык жардам көрсөткөн соң ИИМ жана "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Алдын ала маалыматка караганда ал мас абалында болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: