super.kg logo

Бишкекте мечитте уурулук кылган деп шектелип, 23 жаштагы адам кармалды

 

Бишкекте бир нече уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-июль күнү милицияга А.С. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 16-июнь күнү саат 08:30дар чамасында мечиттердин биринин ичинде капчык, 15 миң сом акча каражатын жана китепти жашыруун уурдап, изин жашырып кетишкен белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Жалпы суммасы 16 миң 400 сомдук материалдык зыян келтирилген. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган Д.Ш. аттуу жаран кармалган.

Мындан тышкары, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө дагы 2 жазуу жүзүндөгү арыз түшкөн, анда кармалган Д.Ш.ны ушул сыяктуу кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү жазылган.

Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар болсо, кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149, 0(508) 384-242 же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: