Садыр Жапаров ЖРТда эң жогорку балл топтогон бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификаттарды" тапшырат
Бүгүн, 13-июлда президент Садыр Жапаров ЖРТда эң жогорку балл топтогон бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификаттарды" тапшырат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Бүгүн, 13-июлда Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшырууга байланыштуу салтанаттуу иш-чара өтөт.
Иш-чара саат 18:00дө башталып, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана облустук телеканалдарынын социалдык тармактардагы баракчаларынын түз эфиринде көрсөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.