Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери сынактын негизинде тандалат
Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери сынактын негизинде тандалат. Бул туурасында бүгүн, 13-июлда Билим берүү жана илим министрлиги Алмазбек Бейшеналиев маалымат жыйынында айтты.
Министрдин белгилешинче, сынак эки этап менен өтөт. Атап айтканда,
- документтерди кабыл алуу процесси;
- жалпы тестирлөөдөн өтүү. Тестирлөө компьютердик негизде ар бир облустун борборунда өтөт.
Белгилей кетсек, кечээ, 12-июлда президент Садыр Жапаров 5 жылдан ашык иштеген мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызматтан бошотуларын, эми мектеп директорлору сынактын негизинде тандала турганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.