super.kg logo

Араванда 5 жашар кызын зордуктады делген окуянын чоо-жайы

 

Ош облусунун Араван районунда 63 жаштагы ата 5 жаштагы кызын зордуктады деген кылмыш иши тергөө учурунда чындык катары өз далилин тапкан эмес. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 16-декабрь күнү милицияга 5 жашар кыздын апасы кайрылып, 3-14-декабрга чейинки күндѳр аралыгында 5 жаштагы кызына 63 жаштагы күйөөсү ыплас аракеттерди жасагандыгы тууралуу билдирген.

Арыз маалыматтардын электрондук журналына катталган.

"Сурак учурунда аял 2021-жылдын 3 жана 14-декабрь күндөрү үйүнө кирейин деген учурда эшиги жабык болгондугун жана эшикти каккылаганда күйөөсү эшикти ачып жатып шымданып жатканын кѳргѳндүгүн жана үйгѳ киргенде кызынын башка кийимдерин кийиндирип жатып кызынын буттарында кѳгѳргѳн жерлерин кѳргѳндүгүн билдирген.

Ал эми кызды социалдык кызматкерлер апасынын катышуусунда сураганда кыз апасы жок учурда атасы бутунан жана жамбашынан кармаганын айтып берген.

Ал эми шектелип жаткан кыздын атасы суракта өзүнүн кызына эч кандай жаман аракеттерди кылбаганын айткан. Аялы ушундай аракети менен алар жашап жаткан үйдү жана соода-сатык кылган дүкөндү өзүнө ѳткѳрүп алууну көздөп жатканын айткан.

5 жашар кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, денесинде сыйрылган, чийилген, көгөргөн тактар, жарааттар жок экендиги жана кыздык белгиси калыбында деген жыйынтык чыккан.

Шектелип жаткан атага соттук-психиатриалык экспертиза дайындалганда андан психикалык оорунун белгилери табылган эмес.

Экспертизалардын жыйынтыгынан соң бул иште кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: