Борбор калаада шахмат аллеясы курулат (фото)






Бишкек шаарында шахмат аллеясын куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун аймагына шахмат ойноочу столдор коюлат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын шарттар түзүлүп, отургучтар жана таштанды челектери орнотулат.
Жакынкы аралыкта жайгашкан жери аныкталып, аллеянын эскиздери долбоорлонуп жатат. Стол оюндарынын күйөрмандары мындай шахмат аянтчасында убакыт өткөрө алышат жана келечекте чоңдор, мектеп окуучулары жана мектепке чейинки балдар үчүн шахмат ойноо боюнча турнирлерди жана мастер-класстарды өткөрүү пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-08-15
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.