Жантөрө Сатыбалдиев: “Коррупция менен күрөшүү оңой болбой турганын Оштогу баш аламандыктар көрсөттү”
“Кыргызстанды 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында коррупцияга каршы олуттуу күрөш башталды. Бирок аны менен күрөшүү оңой болбой турганын Оштогу окуялар көрсөттү”. Муну 3-декабрда күч түзүмдөрүнүн башчылары менен болгон кеңешмеде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айтты. Кеңешмеде Ош шаарында А.Келдибековдун тарапташтары уюштурган митинг, обладминистрацияны басып алууга болгон аракеттер тууралуу сөз болду. Ички иштер министри Абдулда Суранчиевге коомдук коопсуздукту сактоо үчүн мыйзам бузгандарга катуу чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

