super.kg logo

"Зордукталган секелектин ата-энесинин акцияга тиешеси жок". Активисттин кайрылуусу

 

Колдон-колго өтүп зордукталган 13 жаштагы секелек кызга жардам берүү максатында каражат топтоо акциясына жабырлануучу кыздын ата-энесинин тиешеси жок. Бул тууралуу акциянын демилгечилеринин бири, алып баруучу Эркин Рыскулбеков билдирди.

"Коомчулукта айрымдар “Кыздын ата-энеси мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, акча табууга аракет кылып жатышат" деген өңдүү сөздөрдү айтышууда, мен баса белгилеп айткым келет, каражат чогултуу демилгесине кыздын ата-энесинин эч кандай тиешеси жок.

Бул идеяны Азамат Акенеев демилгелеген. Аны биз колдодук. Акция башталгандан бери 714,5 миң сомдон ашуун каражат чогулду. Каражатты чогултуу жана анын эсебин берүү толугу менен биздин моюнубузда. Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, кыздын ата-энесине мындай айыптоолорду койгонуңар өтө туура эмес”, - деген ал.

Эске салсак, буга чейин 13 жаштагы кыздын зордуктоого кабылгандыгы боюнча кабар желдей тараган. Анда "Дордой" базарындагы кароолчу зордуктагандыгы айтылган.

Андан соң кыздын ата-энеси SUPER.KG порталына бул окуя тууралуу 13 жашар кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөндөрүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш өткөн жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган.

Учурда кылмышка шектүүлөрдүн баары тергөө абагына камалган. 8-июлда башталган соттук териштирүү жабык өтүүдө. 12-июлдагы жараянда күбөлөр суралган. Кийинки соттук отурум бүгүн, 13-июлда саат 16:00гө белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: