Топ балдар бир жигитти тепкилеген видео: Жабыркагандар арыз жазуудан баш тартты
Бишкектеги соода борборлордун биринин жанында сабалган жарандар аныкталды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 13-июлда мушташтан жабыркаган 2001-жылы туулган Д.А., 2002-жылы туулган Э.М. жана 2004-жылы туулган Ж.А. милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабырлануучулар менен белгисиз адамдардын ортосунда оозеки жаңжал чыгып, ал мушташка айланып кеткени аныкталган. Ошондой эле жабырлануучу аны тепкиге алган жарандарга карата арыз жазуудан баш тарткан.
Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде жайгашкан соода борборунун алдында топ балдар бир жигитти тепкиге алган видео тараган.
Бир баланы тепкилеп жаткан видео тарады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.