super.kg logo
  Саясат  

1-августтан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыктары көтөрүлөт

 

Эми 1-августтан тартып калган бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыктары көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда өтүп жаткан жыйында өлкө башчы билдирди.

"Мамлекет баарына камкор» принцибинде баратканын белгилейм. Адам башына эсептелген орточо киреше көбүрөөк болушу керек. Улуттук статистика комитетинин маалыматынын негизинде, жалпы республика боюнча 2021-жылы айына 6 647 сомду түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 18,2 пайызга өскөн. Быйыл айлыктардын баары көтөрүлдү, мындан 2 эсеге жогору болот деп ойлойм. Мунун баары элдин кирешесинин көбөйүп бараткандыгын тастыктайт. Эгерде дүйнөдөгү абал курчубаганда ушул кирешелерди жеп кетип жаткан инфляция да аз болмок, элдин көтөрүлгөн айлыктары үй-бүлө кирешесинде азыркыдан да жакшы сезилерлик болмок. Кандай болсо да тапканыбыздын берекеси болсун.

Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 6 айдын жыйынтыгында 133 миллиард 486 миллион сом болду. Салыктык кирешелер – 104,5 миллиард сомду түздү. Салыктык эмес кирешелер – 25,3 миллиард сом", - деп билдирди өлкө башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: