Жалал-Абад шаары Кыргызстандын экинчи экономикалык борбору аталат
Бүгүн, 14-июль күнү министрлер кабинетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаары экинчи экономикалык борбор аталарын билдирди."Кыргызстанда экинчи экономикалык борбор – өнүгүүнүн таяныч түйүнү пайда болот, анын борбору Жалал-Абад шаары болот. Себеби:
- Энергогенерациянын үчтөн экиси Жалал-Абадда;
- Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу;
- Балыкчы-Кара-Кече-Жалал-Абад темир жолу өтөт;
- Жаратылыш ресурстарына бай (алтын, күмүш, жез, газ, мунай);
- Жогорку өнөр жай потенциалына ээ;
- Курорттук-рекреациялык потенциал, минералдык булактар, жаңгак токойлору, тарыхый-туристтик объекттердин концентрациясы жана башкалары бар", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
1
1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















