super.kg logo

Касым-Жомарт Токаев Казакстанда кумшекердин жетишсиздиги үчүн эки министрге сөгүш жарыялады

 

Казакстанда айыл чарба өндүрүшүнүн өсүү темпинин төмөндөөсү байкалууда. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн кеңейтилген жыйынында билдиргенин казак басылмалары жазып чыгышты.

"Биз 90 пайыз импорттук кумшекерден көз карандыбыз. Мындай учурда ЕАЭБге кайрылсак болот, бирок кандай болгон күндө да бул өкмөттүн эң чоң жаңылыштыгы. Демек, мамлекеттин позициясын коргогон жоксуңар. Өкмөт шашылыш түрдө кант өнөр жайын өнүктүрүү боюнча атайын тармактык долбоорду иштеп чыгуусу зарыл. Импортко көз карандылыкты кыскартуу, акырындык менен өзүн-өзү камсыздоого өтүү - негизги максатыбыз", - деген ал.

Ошондой эле Токаев айыл чарба министри Ербол Карашукеевге жана соода жана интеграция министри Бахыт Султановго базардагы канттын жетишсиздигине байланыштуу сөгүш жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: