super.kg logo
  Саясат  

"Буга чейин жыргатпаган мындан кийин да жыргатпайт". Садыр Жапаров Чүйдө жетекчилер начар иштеп жатканын белгиледи

 

Бүгүн, 14-июлда министрлер кабинетинин жыйынында президент Садыр Жапаров берилген тапшырмалар Чүй облусунда начар аткарылганын белгиледи.

Анда президент министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, бул көрсөткүчтү минималдуу деңгээлге түшүрүп, бардык тапшырмалар 100 пайыз өз мөөнөтүндө аткарылышы керектигин белгиледи.

"Тапшырмаларды, чечимдерди, мыйзамдарды эмне үчүн чыгарабыз? Силердин ишиңер жакшы болсун деп чыгарабыз да. Бардык чечимдердин түбү жер-жерлерден - өзүңөрдөн келерин билесиздер! Бул жерден мен ачык эле айтып коёюн - кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатмайынча, жасалып жаткан реформалар жакшы жыйынтык бербейт.

Аны турмуш өзү көрсөтүп жатат. Башкы себеп - кадр маселеси.

Иштин көзүн билбеген, чыгарылган жарлыктарга, чечимдерге көптүн бири катары жасалган мамилелер катталып жаткандыгын көрүп жатам.

Көпчүлүк учурларда айрым жетекчилер формалдуу иштер менен алек болуп, жасап жаткан иштериңердин жыйынтыгы көрүнбөйт. Мунун айынан астыңардагы кызматкерлер өзүңөргө жараша ишти аткарып жатышат.

Туура жыйынтык чыгарып, ишиңерди оңдогула. Иштин жыйынтыгын бербеген кадр менен дароо эле коштошкула.

Эмнеге кармайсыңар андай кадрларды?

Буга чейин жыргатпаган - мындан кийин да жыргатпайт!", - деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: