super.kg logo
  Саясат  

"Силерге тиешелүү ишти биз аткарып жатабыз." Садыр Жапаров акимдерге катуу эскертүү берди (видео)

 

Силерге тиешелүү ишти биз аткарып жатабыз. Мындай сынды өлкө башчы Садыр Жапаров министрлер кабинетинин отчёттук жыйынында жергиликтүү бийлик бутактарына карата айтты.

“Акимдерге биз өтө чоң ыйгарым укуктарды бергенбиз. Бирок бүгүнкү күндө жыйынтык көрүнбөй жатат. Жергиликтүү бийлик эл менен тыгыз байланышта иштебегендиги үчүн жарандар Бишкекке агылып келип бизге арызданып жатышат. Алардын ар бир маселесин качан жана кантип чечиш керек экендигин айтып, жарандар эмес, силер бизге сунуш киргизип турушуңар керек эле. Тескерисинче биз эл менен силердин ортоңордо арбитр болуп калдык. Силерге тиешелүү ишти биз аткаруу менен алекпиз. Бул жакшы көрүнүш эмес, ошондуктан азыртадан ойлонуңуздар. Элге кызмат кылып жатканыбызды унутпашыбыз керек”, – деди президент Жапаров.

Белгилей кетсек, президенттин төрагалыгы алдында өткөн министрлер кабинетинин жыйынында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча министрлер кабинетинин отчёту уктурулду.

Жыйынга министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.






Президент жергиликтүү бийлик бутактарына кайрылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: