super.kg logo

"Куюп койгондой окшош". Юрий Шатуновдун бир тууган карындашы бар экени аныкталды

 

"Ласковый май" тобунун мурдагы солисти Юрий Шатуновдун бир тууган карындашы бар экени аныкталды. Мындай маалымат "Адам бойдон кал" аттуу эфирде айтылды.

Эфир учурунда Юрий Шатуновдун жакындарын жакшы билген адам түз эфирде көрсөтүлгөн. Ал ырчынын өзүнө куюп койгондой окшош карындашы бар экенин билдирген.

"Юранын бир тууган карындашы бар. Аны менен Юра интернатта жана балдар үйүндө болгон. Карындашы Юранын көчүрмөсү. Ал акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты, аябай ыйлады. Юра карындашын балдар үйүндө коргочу. Карындашын балдар үйүнөн кайрымдуу адамдар алып кетишкен. Ал учурда Москвада жашайт", - деген эфирге кошулган адам.

Буга чейин музыканттын бир тууган карындашы бар экени кабарланган эмес. Ырчынын апасы 29 жашында каза болгон.

Белгилей кетсек, Юрий Шатунов 23-июнда жүрөк оорусунан улам каза болгон. Анын сөөгү Троекуровский көрүстөнүнө коюлган. Маркумдун коштошуу зыйнатына Орусиянын бардык аймактарынан 15 миңден ашык адам келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: