Чолпон-Атада өтүп жаткан бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн финалдык беттештер болот



Ысык-Көлдө өтүп жаткан бильярд боюнча жаштар арасында Дүйнө биринчилигинин финалисттери аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 19 жашка чейинкилер арасында бильярддын эркин пирамида түрү боюнча жарым финалдык беттештер жыйынтыкталып, финалга чыккан спортчулар белгилүү болду:
Алар:
- Шагаев А. (Орусия);
- Ануфриев Е. (Орусия);
- Брытченко Е. (Орусия);
- Антонова У. (Орусия).
Биринчиликке Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Түркмөнстан жана Беларустан келген спортчулар катышууда.
Белгилей кетсек, бүгүн, 15-июлда жаштар арасында биринчиликтин финалдык беттештери өтөт. Ал эми 16-20-июль күндөрү эркектер жана кыз-келиндер арасында Дүйнө чемпиондугу өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.