super.kg logo
  Саясат  

Караколдогу массалык баш аламандыкты уюштургандардын соту 9-декабрга жылдырылды

 
Караколдогу массалык баш аламандыкты уюштургандардын соту бүгүн, 3-декабрда Биринчи Май райондук сотунда өтмөк. Каныбек Мадеминовдун адвокаты Эркин Бүлөкбаевдин айтымында, аталган иш боюнча 4 адвокаттын материалдар менен толук тааныш эместигинен улам соттук отурум 9-декабрга жылдырылды. 
Мындан сырткары адвокат отурумдун жүрүшүндө "Айыпталуучулардын бири Наристе Калчаев мага кармоо учурунда УКМКнын кызматкерлери сабаганын, баштарына мүшөк кийгизип сурак жүргүзүшкөнүн айтты. Сурак адвокаттын катышуусунда өткөн жок" деп кошумчалады. 
Эске салсак, 7-октябрда Каракол шаарынын борбордук аянтында "Кумтөр" боюнча келишимди денонсациялоо талабы менен жергиликтүү тургундар митингге чыгышкан. Өкмөттүн облустагы өкүлү Эмил Каптагаевди барымтага алып, облустук администрацияны басып алууга аракеттер көрүлгөн. Баш аламандыкты уюштургандардын 23ү Бишкекке алынып келинген. Тергөөнүн жүрүшүндө күнөөсү аныкталбагандар бошотулган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: