super.kg logo

Япониянын мурдагы премьер-министри Абэнин өлтүрүлүшү боюнча жаңы маалыматтар пайда болду

 

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни өлтүргөн 41 жаштагы Тецуя Ямагами кол салуудан бир аз мурда өзүнүн пландарын кат кылып жазган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Япониядагы жергиликтүү тургун Абэ өлтүрүлгөндөн кийин почта кутучасынан кат таап алган. Ал катта Абэни атып салган Ямагами үй-бүлөсүнүн каржылык көйгөйүнө күнөөлөгөн "Биригүү чиркөөсү" диний уюмун сындап жазган.

Конвертте катты жөнөтүүчүнүн аты-жөнү жок болсо да, анын ичинде Ямагаминин апасы менен "Биригүү чиркөөсүнүн" ортосундагы келишим жазылган. Анда Ямагаминин аты-жөнү жана башка нерселер камтылган. Текстте Ямагами Абэни күнөөлүү деп эсептебей турганын жазган. Ошол эле учурда ал үй-бүлөсүнө көйгөй жараткан диний уюмга Абэ жан тартып жүргөнүн билдирген.

Белгилесек, 8-июлда Япониянын мурдагы өкмөт башчысы Синдзо Абэ кол салуудан улам көз жумган. Саясатчыга Нара шаарында эл алдында сүйлөп жаткан учурда 41 жаштагы Тэцуя Ямагами тарабынан далысына эки жолу ок атылган. Көп өтпөй Синдзо Абэни атып өлтүргөн Тэцуя Ямагами алгач башка адамды атууну пландаганын моюнуна алган. Синдзо Абэ тууралуу кызыктарды шилтемеден окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: