super.kg logo

"20 жылдан кийин кайрадан чогуу". Актриса жана ырчы Женнифер Лопес менен актёр Бен Аффлек баш кошту

 

Америкалык белгилүү актриса жана ырчы Женнифер Лопес менен Голливуд актёру Бен Аффлек баш кошту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматта айтылгандай, түгөйлөр 16-июль күнү никесин расмий түрдө каттатышкан. Эми актриса расмий түрдө Женнифер Аффлек ысымын алды.

Белгилей кетсек, түгөйлөр 2001-жылы "Жильи" тасмасында таанышкан. 2002-жылы Женнифер экинчи жолдошу Крис Жадд менен ажырашкандан кийин Бен Аффлек менен жакын мамиледе болгон. Ошол эле жылы Бен Аффлек үйлөнүү сунушун киргизгени менен массалык маалымат каражаттарынын тынымсыз көңүл буруусунан улам алардын үлпөт тою өтпөй калган. Ал эми 2004-жылы түгөйлөр эки жолго түшкөнү маалым болгон.

Арадан жыйырма жыл убакыт өткөн соң, тагыраагы 2021-жылы алар кайрадан сүйүү мамилесинде экени маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: