super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарындагы баш аламандык боюнча кылмыш иши козголду

 
Ош шаарындагы коомдук тартипти бузуу фактыларына ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы “бейбаштык”, “Конституциялык түзүмдү өзгөртүү боюнча коомдук чакыруулар” жана “бийлик өкүлүнө карата зомбулук” беренелерине карата кылмыш ишин козгогон. 
Эске салсак, кечээ, 2-декабрда Оштун борбордук аянтына А.Келдибековду колдоп чыккан митингчилер Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн имаратын басып алууга аракеттенишкен. Эл имаратты карай таштарды, бөтөлкөлөрдү ыргытып, Сооронбай Жээнбековдун эл алдына чыгуусун талап кылышкан. ОМОНдор имаратты курчап турушкан.  Митинг учурунда милициянын 9 кызматкери жаракат алганын Ош ОИИББинин кызматкерлери билдирген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: