super.kg logo

"Жумасына эки жолу". "Ала-Тоо" аянтында кайрадан китеп окуу саамалыгы жанданды (сүрөт)

 

Бүгүн, 18-июлда борбордук "Ала-Тоо" аянтында "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында "Китепкөй Ала-Тоо" аттуу китеп окуу саамалыгы болүп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу Улукмырза Назарбеков долбоордун максаты китеп окууну жайылтуу экендигин айтты.

"Бул долбоор 2019-жылы башталган. Негизи бир көргөн нерселер дайыма элес болуп эсиңде калып кала берет го. Айылдан келген туугандарыбыз же чет өлкөдөн келген туристтер эң алгач "Ала-Тоо" аянтына келет эмеспи. Бирок аянтта бир канча митинг, кандуу окуялар болуп өттү. Мисалы, интернетке "Кыргызстан" деп жазсаң дароо эле ушул окуяларга байланыштуу сүрөттөр чыгат. Андыктан бул нерсени жоюу максатында "Китепкей Ала-Тоо" долбоорун баштаганбыз. Үч жыл аралыгында бул долбоорубуз калктын калың катмарына сиңиптир. Алгачкы күнү эле ушунча эл келип отурат. Буйруса, дүйнө жүзүнө "Китепкөй Кыргызстан" деген элести калтыралы деген максатыбыз бар. Иш-чарада жылдагыдан айырмаланып бир саат китеп окуп, андан соң бир саат талкуу кылалы деп жатабыз. Ошондой эле бул саамалык кышка чейин жуманын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү "Ала-Тоо" аянтында болуп турат. Каалоочулар өздөрү менен китеп алып келсе болот же өзүбүз китеп менен камсыздайбыз", - деди Назарбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: