super.kg logo

Сауд Арабиянын ханзаадасы Жо Байденди өз баалуулуктарын таңуулабоого чакырды

 

Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мохаммед бин Салман аль Сауд АКШ президенти Жо Байден менен жолугушууда Вашингтонду өз баалуулуктарын башка өлкөлөргө таңуулабоого үндөдү. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

"Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү, анын ичинде Америка Кошмо Штаттары жана падышалыктын бир катар окшош баалуулуктары бар, бирок ар бир өлкөнүн да өз баалуулуктары бар. Туура баалуулуктар жана принциптер элди өзүнө тартат, бирок аларды күч менен таңуулоо Ирак менен Ооганстанда болгондой тескери жыйынтыкка алып келет", - деген ал.

Ошондой эле Мохаммед бин Салман АКШ ар бир мамлекетте урмат-сый менен мамиле кылуу керек болгон баалуулуктар бар экенин моюнга алышы керектигин баса белгилеген.

"Эгер АКШ башка өлкөлөр алардын баалуулуктарын 100 пайыз колдоосун кааласа, анда АКШ менен бир гана НАТОго мүчө мамлекеттер эле калат. Биз келишпестиктерге карабастан тынчтыкта жашашыбыз керек", - деп кошумчалаган.

Белгилей кетсек, ишемби күнү Жо Байден Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө АКШнын аймактагы лидерлик ролун көрсөтүү үчүн жасаган сапарын аяктады. Жума күнү Жиддадагы Аль Салман сарайында Америка лидери Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы менен жолугушкан.

Сүйлөшүү учурунда Байден мураскор ханзаадага аны 2018-жылы журналист Жамал Хашоггинин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү үчүн жооптуу деп эсептей турганын айткан.

Эскерте кетсек, 2018-жылы 2-октябрь күнү Түркиянын укук коргоо органдары журналист Хашогги Стамбулдагы Сауд Арабиянын консулдугуна кирип кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын айтып чыгышкан. Ошо эле күнү шаарга Сауд Арабиядан атайын тапшырма менен 15 атайын кызматтын кызматкерлери келишкен. Ал эми сыртка орнотулган видеобайкоочу камерага журналисттин консулдуктун имаратына кирген бойдон чыкпаганы түшүп калган. Алар консулдуктун мекемесине келип Жамал Хашоггини өлтүрүп, электр араасы менен денесин бир нече бөлүктөргө бөлүп алып чыгып кетишкен. Окуя видеокамерага түшүп калганын, видеожазуу Түркиянын атайын кызматтарына жеткени жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: