Айрым азык-түлүктөрдү сыртка чыгарууга тыюу салуу мөөнөтү узартылат
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы отчёттук жыйынында бир катар азык-түлүктөрдү өлкөдөн сыртка чыгарууга тыюу салууну жылдын аягына чейин узартууну көздөп жатканын билдирди.
Жаныбековдун айтымында, учурда өлкөдөн жумуртка, жүгөрү, кум шекер жана май сыяктуу азыктарды экспорттоого тыюу салынган.
Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинети өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында 2022-жылдын августуна чейин бир катар азыктарды экспорттоого тыюу салган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.