Министр калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүү көйгөйү качан чечилерин айтты
Калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүү көйгөйү бир жыл ичинде чечилет. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов маалымат жыйында билдирди.
"Президент бизге калкты тейлөө борборлорунда кезек күтүү көйгөйүн чечүүнү тапшырган. Бул багытта үзгүлтүксуз иш алып баруудабыз. Аталган маселени бир жыл ичинде, 2023-жылдын жай мезгилине чейин чечебиз", - деп билдирди министр.
Ошондой эле Иманов бул багытта атайын платформалар иштелип жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, калкты тейлөө борборлорунан 30 чакырым алыста жайгашкан айыл өкмөттөрдө тейлөө кызматтары ачылган. Андан сырткары мобилдик тиркеме аркылуу кезекке туруу системасы киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.