super.kg logo

Эки күн Чолпон-Ата шаарында жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

 

20-июль жана 21-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чектөө Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусуна байланыштуу киргизилди.

Аталган иш-чараны өткөрүү учурунда жол коопсуздугун камсыздоо максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

Ысык-Көл облусунда Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки каттамда делегациянын өтүү маалында гана жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Ысык-Көл облусунун тургундарын жана конокторун өтүп жаткан иш-чараларга түшүнүү менен мамиле жасоону өтүнөт.

Унаа каражаттарын жол боюнда кароосуз калтырбоо, жасалма тыгындарды жаратпоо, башка жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздыктарды жаратпоо үчүн жолдун каршы тилкесине чыкпоого чакырат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: