super.kg logo

Жапаров: "Коррупцияны жоюу максатында мамлекеттик түзүмдөрдүн айлыгы жогорулатылды"

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Координациялык кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров белгилегендей, коррупциялык көрүнүштөр коомдун көптөгөн чөйрөлөрүндө сакталып, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүүдө, бул күнүмдүк турмушта коррупциялык көрүнүштөргө туш болуп жаткан калктын негиздүү нааразычылыгын жаратып жатат. Буга катар ал мамлекет тараптан коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

"Адамдык факторду жоюу максатында автоматташтыруу жана санариптик башкаруу механизмдери киргизилүүдө. Мамлекеттик түзүмдөрдүн айлык акысы жогорулатылды, анткени төмөнкү айлык акы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди коррупциялык аракеттерге түрткөн себептердин бири деп эсептелет", - деди ал.

Жыйында мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери талкууланып, тактап айтканда, Бишкек шаарынын мэриясында жана министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигиндеги кырдаал каралды.

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин жыйынынын соңунда бир катар чечимдер кабыл алынып, мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: