super.kg logo
  Саясат  

Чолпон-Атада 5 өлкөнүн ТИМ башчыларынын жыйыны өттү

 

Бүгүн, 20-июлда Чолпон-Ата шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү.

ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түркмөнстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов катышты.

Жыйындын катышуучулары эртең, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында боло турган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна даярдыктын жүрүшүн талкуулашып, саммиттин күн тартибин жана жыйынтыктоочу документтердин долбоорлорун бекитишти.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушууларынын форматы аймактык кызматташтыктын бардык маселелери боюнча пикир алмашуу үчүн маанилүү беш тараптуу аянтча катары өткөнү баса белгиленди. Тараптар бул форматтагы байланыштарды үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн жана аны мындан ары өркүндөтүү зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Борбордук Азия мамлекеттеринин БУУ, ЕККУ, КМШ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында жемиштүү кызматташтыгын, бул платформалардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүп жатканын белгилешип, көп тараптуу форматтарда тыгыз кызматташууну улантуу ниетин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: