super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Мирлан Мурзаев өзбек клубунда ойнойт

 

Кыргызстан курама командасынын футболчусу Мирлан Мурзаев өзбек клубунда ойнойт. Бул тууралуу өзбек басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, намангандык "Навбахор" футболдук клубу оюнчу Мирлан Мурзаевдин командага кошулганын жарыялады.

Мурзаев 1990-жылы 29-мартта Кыргызстандын Баткен облусунун Сүлүктү шаарында туулган.

Улуттук курама команданын катарында 2009-жылдын март айында Непалга каршы оюнда дебют жасаган.
2007-2010-жылдары "Дордой-Динамо" клубунда ойногон. 2010-жылы кышында москвалык "Локомотив" клубуна кирип, 11 оюн өткөргөн. 2011-жылы Израилдеги "Хапоэль" клубунда ойноп, 2012-жылы өзүнүн мекенине "Дордойго" кайткан.

2014-жылдын январь айынан тарта түркиялык "Денизлиспор" клубунда ойногон. Сезондун экинчи бөлүгүндө чабуулчу Түркиянын "Afjet Afyonspor" 4-лигасындагы командада өткөргөн. Түркиялык клуб үчүн Мирлан Мурзаев 11 расмий оюн өткөрүп, 5 гол киргизген.
2016-жылдын январь айында ал Бахрейндеги Манама шаарынын "Аль-Ахли" клубу менен сезондун акырына чейин келишим түзгөн.
Ал 2007-2008-2009-2012-2014-жылдары Кыргызстандын чемпиону, 2008-2012-2014-жылдары Кыргызстан Кубогунун ээси. 2007-жылы Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна ээ болгон.

2018-жылдын 27-мартында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагындагы Кыргыз-Индия беттешинде Кыргыз курамасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев мыкты оюнчу аталган.

Ал Кыргызстан улуттук курамасында 55 беттеш өткөрүп, 15 гол киргизген. Улуттук курама команданын эң мыкты бомбардири болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: