Кыргызстандык эки окуучу эл аралык олимпиадада коло медаль тагынды

Белгилүү болгондой, 10-18-июлда мектеп окуучулары арасындагы химия боюнча 54-эл аралык олимпиада онлайн режимде өттү. Ага дүйнөнүн 84 өлкөсүнөн 300дөн ашык мектеп окуучулары катышты. Ар бир өлкөдөн төрт бала, анын ичинде Кыргызстандан 4 мектеп окуучусу бар.
Аталган олимпиадада Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Азамат Саламатов жана Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин 10-классынын окуучусу Иван Решетников коло медалга ээ болушту.
Маалымат үчүн:
Химия боюнча эл аралык олимпиада 1968-жылдан бери 20 жаштан ашпаган мектеп окуучулары үчүн өткөрүлүп келет. Олимпиаданын уюштуруучулары болуп Кытай өлкөсү эсептелет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:06
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.