Бишкектеги Димитров көчөсүнүн бир бөлүгү эки күнгө жабылат
Бишкектеги Димитров көчөсүнүн бир бөлүгү эки күнгө жабылат. Бул туурасында Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен билдирет.
Ага ылайык, 23-июлдан 24-июлга чейин Интергельпо - Димитров (Москва көчөсүнүн уландысы) көчөлөрүнүн кесилиши оңдоо иштерине жабылат.
Буга байланыштуу Димитров көчөсүнүн бөлүгү Фучиктен Пишпекке чейин (Москва көчөсүнүн уландысы) толугу менен жабылат. Автотранспорттук каражаттардын жүрүүсү үчүн альтернативдик жол катары Дэн Сяопин кең көчөсү болот.
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти шаардыктардан каттамды алдын ала пландап алууну суранат.