Өзбекстандык ЖОЖ кыргызстандыктарды акысыз билим алууга чакырат
Өзбекстан Кыргызстанга "Жибек жолу" Эл аралык туризм жана маданий мурас университетинде магистратура программасы боюнча окууга гранттык негизде беш орун берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка караганда, документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү 1-августта аяктайт.
Арыз берүүчүлөр документтердин электрондук көчүрмөлөрүн кабыл алуу комиссиясынын http://admissions.univ-silkroad.uz сайтына жүктөөгө тийиш.
Белгилей кетсек, аталган университеттин сайтында окуу жай 2018-жылы Циндао шаарында өткөн саммитте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин демилгеси менен ачылганы жазылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:06
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.