super.kg logo

Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин президенттерин сыйлады (сүрөт)

 

Бүгүн, 21-июлда Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттерине өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан расмий сый тамак уюштурулду. Алар Кыргызстанга Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында келишкен.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сыйлуу меймандар үчүн концерттик программа сунушталып, “Достук салтанаты” оюну көрсөтүлдү.

Мамлекет башчы конокторду жылуу кабыл алып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн элдери байыртадан бери жанаша, ынтымакта жашап, бул чөлкөмдүн берекелүү жери тартуулаган бардык белектерди бөлүшүп келгенин белгиледи.

Жапаров стратегиялык документке - XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү боюнча достук, ынак коңшулук жана кызматташтык келишимине кол коюлганын эске салып, ал келечекте региондогу кызматташуунун жаңы горизонтторун аныктап, мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн пайдубалын бекемдейт деген ишенимин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: