Төө-Ашуудагы тоннелде 5 күн унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет
Бишкек-Ош жолун оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу К.Көлбаев атындагы тоннелде 5 күн унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасынан билдиришти.Маалыматка ылайык, мындай чектөө 22-27-июль күндөрү күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу киргизилет.
22-июль күнү:
саат 4:00дөн 6:00гө чейин,
саат 10:00дөн 12:00гө чейин,
саат 14:00дөн 16:00гө чейин.
23-27-июль күндөрү:
саат 23:00дөн – 01:00гө чейин,
саат 02:00дөн – 04:00гө чейин.
Калган убакта каттам толугу менен ачык болот.
"Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражаттарына чектөө киргизүү боюнча аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Күз-кыш мезгилинде жол кыймылынын үзгүлтүксүз жана коопсуз болушу үчүн жол оңдоо иштери жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















