super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жолугушту. Лидерлер талкуулаган маселелер

 

Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери, ошондой эле региондун жана эл аралык алкактын күн тартибинде турган маселелер талкууланды.

Анда эки тараптуу кызматташуу маселелерин комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жана Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Ошону менен бирге өлкө лидерлери чек ара аймактарындагы трансчек аралык дарыялардын суу ресурстарын өз ара натыйжалуу пайдалануу жана бул багытта кызматташууну жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

"Тараптар суу ресурстарын колдонуу боюнча эки тараптуу маселелерди кароо жаатында ведомстволор аралык кыргыз-тажик жумушчу тобунун ишин улантуу чечимине келишти.

Аралды куткаруу эл аралык фондунун ишине байланыштуу мамлекет башчылары региондогу бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен Аралды куткаруу эл аралык фондунун уюштуруу түзүмүн жана укуктук базасын реформалоо боюнча бардык негиздөөчү мамлекеттердин ырааттуу аракеттерин улантууну жакташты.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо максатында саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуунун маанилүүлүгүнө токтолушту. Мындан тышкары тараптардын кызыкчылыктарын эске алып, маселелерди саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгилешти", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: